Эки жылда өлкөдө мамлекеттин колдоосу менен 144 бал челек чарбасы ачылган

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүАары багындагы балчы. Архив
Аары багындагы балчы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кыргызстанда мамлекеттин колдоосу менен 144 бал челек чарбасы ачылган. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырованын айтымына таянып ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, министр эки жылдын ичинде 144 үй-бүлө мамлекеттен 100 миң сомдон алып, балчылык менен ишкерлик кылганын, бизнес-идея өзүн актаганын белгилеген. Баатырова буга чейин мамлекеттин 100 миң сомдон акча алып күнөскана ачкан, ири мүйүздүү мал алып иш кылып жаткан аялдар менен жолуккан.
Эмгек министрлиги мамлекет менен социалдык келишим түзүүнү каалагандарга бал, мал чарбасынан тышкары башка тармактарда да күчүн сынап көрүүнү сунуштаган.
Аял сом купюраларды санап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2024
Министрлик өкмөттөн акча алып ишкерлик кылчуларга каржы сабаттуулугун үйрөтүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0