22-апрелге карата аба ырайы

© AP Photo / Ashwini BhatiaТоодогу жамгыр. Архивдик сүрөт
Тоодогу жамгыр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Дүйшөмбүдө Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүнүн айрым, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын дубандарынын көпчүлүк жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында +22...+27, Талас менен Баткен өрөөндөрүндө +21...+26, Ысык-Көлдө +15...+20, Нарын жергесинде +17...+22 градус болот.
Бул күнү Ош калаасында жамгыр жаайт. Термометр Бишкекте +23...+25, Ошто +24...+26 градусту көрсөтөт.
Жамгыр учурунда кол чатыр менен бара жаткан өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2024
Жума бою жаан жаайт. Келерки аптага карата аба ырайынын божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0