Баткенде автоунаадан 51,2 кг баңгизат табылды. Видео

© Фото / пресс-служба МВД КРБаткенде автоунаадан 51,2 кг баңгизат табылды
Баткенде автоунаадан 51,2 кг баңгизат табылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2024
Жазылуу
Гашишти Тажикстандан Кыргызстанга ташыган канал жабылганы кошумчаланды.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Баткенде 51,2 килограмм баңгизат менен Ош облусунун тургуну кармалганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, 20-март күнү саат 19:00 чамасында Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Баткенде Renault Scenic үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган.
"Кинологдор ит менен автоунааны тинткен учурда автоунаанын килеминин алдындагы атайын жерде 51,2 килограмм баңгизат табылган. Ал Афганстанда өндүрүлгөн гашиш экени аныкталды", — деп жазылат маалыматта.
Бул ишке байланыштуу кылмышка шектелип автоунааны айдап бараткан Ош облусунун 52 жаштагы тургуну кармалган. Гашишти Тажикстандан Кыргызстанга ташыган канал жабылганы кошумчаланды.
УКМК баңгизатты коңшу мамлекеттерге жеткирүүгө жардам берген кишинин кармагалышы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2024
Үйдө катылган баңгизатты ит кошо издешип... УКМК шектүүнү кармаган видео
Жаңылыктар түрмөгү
0