Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Жетишет! АКШ конгрессмени Украинага кайрылды

© AFP / MANDEL NGANВашингтондогу АКШ Капитолийдин куполу. Архив
Вашингтондогу АКШ Капитолийдин куполу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2024
Жазылуу
Крым Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин 2014-жылы референдумдун натыйжасында Россияга кошулган.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. АКШнын Өкүлдөр палатасынын республикалык партиясынан шайланган Пол Госар Украинаны Крымды таптакыр унутууга чакырды. Саясатчынын сөзүн C-SPAN каналы көрсөткөнүн РИА Новости жазды.
"Президент (Жо Байден — ред.) тынчтык сүйлөшүүлөрүн демилгелемейинче Украинаны каржылоону токтотууга мезгил жетти. Көпчүлүгүбүз Украинадагы жаңжал биз күткөн нукта болбой жатканына күбөбүз. Көп киши көз жуумп жатат, өзгөчө жаштар каза болууда. Жетишет!" — деди конгрессмен.
Саясатчынын айтымында, сүйлөшүүлөрдү демилгелөө учуру келди.
"Жеңиш деген эмне десем Украина мурунку аймактары менен Крымды кайтаруу дейт. Крым эч качан кайтпайт. Ал жакта көпчүлүк Россия менен болууну чечти. Кайтаруу тууралуу сөз ойлонбой айтылууда", — деди Госар.
Эскерте кетсек, Крым Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин 2014-жылы референдумдун натыйжасында Россияга кошулган. Ал эми Киев ушу кезге чейин жарым аралды оккупацияланган аймак катары санайт, Батыш бул маселеде Украина тарапта. Өз кезегинде Россия жетекчилиги Крымдын жашоочулары Россияга эл аралык укуктун жана БУУ Уставына ылайык демократиялык жол менен кошулганын эскертип келет. Президент Владимир Путиндин айтымында, Крым маселеси "толугу менен жабылган".
Америкалык ишкер Илон Маск. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Маск Украинанын согуштагы абалы тууралуу үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0