Садыр Жапаров Казакстандагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча билдирүү жасады

 Президент Садыр Жапаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2024
Жазылуу
Жолугушууларда бир катар багыттар, анын ичинде чек ара маселелери да каралган.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКларга билдирүү жасады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Жапаров кыргыз-казак кызматташтыгы динамикалуу өнүгүп, саясий-экономикалык диалог колдоого алынып, бардык деңгээлдерде байланыштар жүрүп жатканын белгилеп өткөн. Ошондой эле бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн эң маанилүү жыйынтыгы катары эки өлкөнүн элдеринин түпкү таламдарына жооп берген Союздаштык мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө эки өлкөнүн ортосундагы келишимге кол коюлушун атаган.
"Экономика, соода, инвестиция жана айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Транспорт жана коммуникациялар тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле аймактагы суу-энергетикалык ресурстарды биргелешип сарамжалдуу пайдалануу маселелери каралды. Инвестицияларды өз ара илгерилетүү жана коргоо боюнча жаңы өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө чек ара маселелери талкууланды", — деген өлкө башчы.
Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Кичи-Капка" жана "Камышановка" өткөрүү пунктуларынын ишин жандандыруу боюнча биргелешип иш алып баруу тууралуу макулдашууга жетишилгени айтылды.
Бул иш-чаралардын эки тараптуу сооданын жогорулашына жана айрым учурда унаа тыгыны байкалган өткөрүү пунктуларындагы тыгындарды жоюуга жардам берери кошумчаланган.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров эки күндүк расмий сапар менен Казакстанда жүрөт. Анын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар макулдашууларга кол коюлган.
Двухдневный официальный визит президента КР Садыра Жапарова в Казахстан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2024
Жапаров менен Токаев эмнелерди макулдашты? Документтердин тизмеси
Жаңылыктар түрмөгү
0