Париждеги Олимпиада. Күрөш боюнча Азиянын лицензиялык турнири башталды

© Sputnik / Владимир АстапковичБалбандар күрөш учурунда. Архив
Балбандар күрөш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2024
Жазылуу
Жайкы Олимпиада оюндары Франциянын борборунда 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкекте эркин күрөш боюнча Азиянын лицензиялык турнири башталды.
Мелдеш үч күн бою эркин, кыз-келиндер жана грек-рим күрөшү боюнча өтөт.
Париждеги Олимпиада оюндарына 36 лицензия ойнотулуп, финалга чыккан спортчуларга гана берилет.
Бүгүн эркектер арасында эркин күрөш боюнча 12 лицензия ойнотулат. 20-апрелде аялдар арасында, 21-апрелде грек-рим боюнча өтөт.
Жайкы Олимпиада оюндары Франциянын борборунда 26-июлдан 11-августка чейин уланат.
Кыргызстандын футзал боюнча курамасы Континенталдык кубокто Азиянын учурдагы чемпиону Японияны жеңип алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2024
Кыргызстан футзал боюнча Азия чемпиону болгон Японияны утуп алды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0