УКМК Алайда менчикке өткөн 65,4 млн. сомдук автобекетти мамлекетке кайтарды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРУКМК менчикке өтүп кеткен 65,4 млн. сомдук автобекетти мамлекетке кайтарды
УКМК менчикке өтүп кеткен 65,4 млн. сомдук автобекетти мамлекетке кайтарды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Алай районундагы мыйзамсыз менчиктештирилген автобекет мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Гүлчө айыл аймагында жайгашкан автобекет 0,42 гектар жер тилкеси жана 135 чарчы метрди түзгөн административдик имараты менен жеке колго өтүп кеткен. Анын базар баасы 65 миллион 350 миң сомду түзөрү белгиленди.
"Автобекет учурда базар катары иштеп, соода түйүндөрдүн ижарасынан айына 500 миң сомго жакын жеке чөнтөккө түшүп турган. Объект максаттуу пайдаланылбай, такси айдоочулар ар кайсы көчөлөрдө башаламан түйүндөрдү уюштурууга аргасыз болушкан", — деп жазылат маалыматта.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КРВозврат государству автовокзала в Ошской области стоимостью 65 миллионов сомов
Возврат государству автовокзала в Ошской области стоимостью 65 миллионов сомов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2024
Тергөөнүн натыйжасы менен автобекет 0,42 гектар жер тилкеси, 135 чарчы метрди түзгөн административдик имараты менен ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүлгөн.
196 млн. сомдук тарыхый-маданий объект мамлекетке кайтарылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2024
УКМК: 196 млн. сомдук тарыхый-маданий объект мамлекетке кайтарылды
Жаңылыктар түрмөгү
0