Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Касеинов: быйыл айыл чарбасын каттоо ноябрда сыноо иретинде жүргүзүлөт

© Sputnik / Асылбек БактыбековЖаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Кубат Касеинов
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Кубат Касеинов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2024
Жазылуу
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Кубат Касеинов 2025-жылдагы айыл чарба түзүмдөрүн каттоо кандай жүргүзүлөрү жөнүндө айтты.
Быйыл ноябрда айыл чарбасын каттоо Ош жана Чүй облустарынын айрым аймактарында сынамык иретинде өткөрүлөт. Бул тууралуу Кубат Касеинов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Касеинов: быйыл айыл чарбасын каттоо ноябрда сыноо иретинде жүргүзүлөт
Анын айтымында, тиешелүү токтомду министрлер кабинети 2023-жылы 19-мартта кабыл алган.
"Токтомду ишке ашырыш үчүн алгач пилоттук долбоор кабыл алынып, ага Ош облусунун Араван, ал эми Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы айылдар камтылган. Токтомго ылайык, ушул аймактарда айыл чарбасын каттоо иштери 1-ноябрдан 20-ноябрга чейин жүрөт. Эгемендүүлүк алгандан бери биринчи санак 2002-2003-жылдары жүргөн. Анда биринчи жылы канча жери, багы, үрөнү бар экендиги аныкталса, кийинки жылы үй жаныбарлары менен канаттууларынан баштап техникасына чейин катталган. Каттоо — күчтү, каражатты, уюштуруучулукту көп талап кылган чоң иш-чара. Ошондуктан анын алгачкы жылдары кээ бир жерлерде гана кылдат жүрүп, айрым жерлерде мүчүлүштүктөр болгон. Тандалган эки райондо пилоттук эксперименталдык анализ жургүзүлүп, белгиленген мөөнөттө бир адам канча үй-бүлөнү тейлей алары такталат", — деди Касеинов.
Ал ошондой эле каттоо жүргүзүүнүн жоопкерчилиги Айыл чарба министрлигине жана Улуттук статистика комитетине жүктөлгөнүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0