Депутат: Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу боюнча көйгөй жаралышы мүмкүн

© Sputnik / Дмитрий Макеев / Медиабанкка өтүүБуудай чогултуу. Архивдик сүрөт
Буудай чогултуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2024
Жазылуу
Былтыр Кыргызстанга 370,8 миң тонна буудай импорттолсо, анын 351,4 миңи Россиядан, калганы Казакстандан келген.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Казакстандагы селден улам Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу боюнча көйгөй жаралышы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков билдирди.
Анын айтымында, бийлик азыр бул маселени ойлонуп, буудай менен арпа камдашы керек.
"Коңшу мамлекетте суу ташкындарынан улам түшүм жыйноодо кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн", — деди ал.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, былтыр Кыргызстанга 370,8 миң тонна буудай импорттолсо, анын 351,4 миңи Россиядан, калганы (19,4 миң) Казакстандан келген.
Ал эми 2023-жылы 38 миң тоннадан ашык ун импорттолгон. Анын 29 миң тоннадан ашыгы Казакстандан, 7,8 миңи Россиядан алынган.
Ошко Россиядан дээрлик 400 тонна азык-түлүк жеткирилди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2024
Ошко Россиядан дээрлик 400 тонна азык-түлүк жеткирилди
Жаңылыктар түрмөгү
0