Бүгүн футзал боюнча Азия кубогу башталат. Беттештердин убакыт-сааты

© Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союзаСборная КР по футзалу
Сборная КР по футзалу  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2024
Жазылуу
Азия кубогуна 16 команда катышса, чейрек финалга анын сегизи чыгат.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бүгүн, 18-апрелде, Таиландда Кыргызстандын улуттук курама командасынын катышуусунда футзал боюнча Азия кубогу башталат.
Бул турнирдин 17-чыгарылышы.
Мында Кыргызстандын курама командасы Япония, Тажикстан жана Түштүк Кореянын командалары менен бир группада беттеше турган болду.
Оюндун Бишкек сааты боюнча графиги:
Япония менен Кыргызстандын беттеши — 18-апрелде саат 17:00дө;
Кыргызстан менен Тажикстандын беттеши — 20-апрелде саат 13:00дө;
Түштүк Корея менен Кыргызстан — 22-апрель, саат 17:00.
Азия кубогуна 16 команда катышат, чейрек финалга сегизи (ар бир группадан эң мыкты делген эки команда) чыгат.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы дүйнөлүк рейтингде 139 топтун ичинде 51-орунда турат. Ата мекендик команда Азия кубогуна дайыма катышып келет, финалдык баскычтан бир гана жолу өтө албай калган. 2005-жылы контингенттин биринчилигинде коло медаль уткан. Бирок дүйнөлүк чемпионатка азырынча катыша элек.
FIFA категориясындагы кыргызстандык рефери Вероника Бернацка. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2024
Олимпиаданын футбол турниринде кыргызстандык рефери калыстык кылат
Жаңылыктар түрмөгү
0