Ташиев аткезчилер менен аралашып кеткен чек арачылар катуу жазаланарын эскертти

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРУКМК төрагасы Камчыбек Ташиев
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2024
Жазылуу
Ташиев кээ бир чек арачылар аткезчилик кылгандарга кошулуп, жардам берип, мыйзам бузуп жатканын белгилеген.
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аткезчилер менен кошулуп алып иш алып барган чек арачыларга катуу чара көрүлөрүн эскертти.
Ал УКМКнын Чек ара кызматынын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгында чек арачыларга батир, унаа тапшыруу аземине катышкан. Иш-чарада Ташиев кээ бир чек арачылар аткезчилик кылгандарга кошулуп, жардам берип, мыйзам бузуп жатканын белгилеген.

"Былтыр быйылкы жылды кошкондо ондогон чек арачы жоопко тартылып, ондогон чек арачы кызматтан кетти. Себеби аткезчилерге кошулуп алып, алар менен чогуу иш алып барган. Мындай болбош керектигин кулагыңарга жакшылап түйүп алгыла. Эгер ушундай иштер дагы кайталанса катуу чара көрөбүз", — деген ал.

Ал баңгизат сатып, коомду булгап жаткандарга каршы да аёосуз курөш жүрөрүн кошумчалаган.
Тосмодогу тикенектүү зым. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2024
Ноокенде Өзбекстанга адамдарды жашыруун өткөрүп турган канал табылды
Жаңылыктар түрмөгү
0