Кыргызстандан Шарджа жана Дубайга учкан каттамдар токтотулду

© AP Photo / Jon GambrellБАЭнын Дубайдагы негизги жолду каптаган сел суусунда ташталган унаалар
БАЭнын Дубайдагы негизги жолду каптаган сел суусунда ташталган унаалар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. БАЭде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Шарджа жана Дубайга каттаган рейстер токтотулганын "Манас" эл аралык аэропорту билдирди.
Мындан тышкары, Абу-Дабиге учуучу учак 18:50гө чейин кармалып калган.
Эске салсак, Дубай аэропорту селден улам ишин токтоткон. Шаарда нөшөрлөп жааган жамгыр эртеңкиге чейин уланышы мүмкүн. Дубайдын жолдору менен метролорун да суу каптады.
Жалал-Абад: короолорду жана көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсүн суу каптоодо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2024
Жалал-Абад: короолорду жана көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсүн суу каптоодо
Жаңылыктар түрмөгү
0