Көлбаев менен Матраимовдун мүлкү аукционго коюлду

© AFP / JEFF PACHOUDАукцион учурунда балка кармаган адам. Архив
Аукцион учурунда балка кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2024
Жазылуу
Сатыкка жалпы жонунан 10 объект чыгарылды.
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Камчы Көлбаев менен Райым Матраимовдун активдери аукционго коюлду. Тиешелүү жарыя Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик чыгарды.
Жалпы жонунан 10 объект коюлду. Эң кымбаты Ош шаарындагы турак жайга кирбеген имараттар болуп саналат. Анын баштапкы баасы 149,8 миллион сомго бааланды. Дагы бири — Чолпон-Атадагы 142,7 миллион сомго бааланган жер тилкеси. Эң арзаны — 5 миллион сомдук Оштогу эки бөлмөлүү батир.
Арыздарды кабыл алуу 29-апрелде аяктайт.
Толук маалымат менен кенен таанышып алууга болот.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2024
Ташиев: Райым Матраимовдон 200 млн. доллардай алынат. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0