Зулушев: былтыр төрт депутатка жана 11 сотко кылмыш иши козголгон

© Depositphotos.com / SergPoznanskiyСудьянын балкасы. Иллюстративдик сүрөт
Судьянын балкасы. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2024
Жазылуу
Башкы прокурор эл өкүлдөрүнө төрт кылмыш козголуп, үчөө сотко жиберилип, бирөө кыскартылганын маалымдады.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Былтыр төрт депутатка жана 11 сотко кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев Конституциялык мыйзамдар жана Укук тартиби комитеттеринин биргелешкен жыйынында билдирди.
Анын айтымында, экс-депутат Жаныбек Абировдун иши тараптардын жарашканына байланыштуу кыскартылган. Өмүрбек Бакиров, Эмил Жамгырчиевдин иши сотко жөнөтүлүп, Адахан Мадумаровго болсо соттун өкүмү чыккан.
Ал эми сотторго карата былтыр 11 кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынтыгы менен төртөө сотко жиберилген, үчөө өндүрүштө токтотулган. Эки иш бириктирилип, бирөө тергелүүдө.
"Лейлек райондук сотунун судьясы Жапаровго эки иш козголуп тартип комиссиясына жөнөтүлүп, иммунитетинен ажыратуу каралууда. Ош шаардык сотунун судьясы Малдыбаевди иммунитетинен ажыратуу боюнча Соттор кеңешине сунуш берилип, кылмыш иши тергелүүдө. Тоң районунун экс-судьясы Каримбековага эки кылмыш иши козголуп Каракол шаарынын сотунун кароосунда. Бишкек шаарынын Ленин районунун сотунун судьясы Кенжебаевге, Бишкек шаардык сотунун судьясы Илиязовага карата козголгон кылмыш иштер Биринчи май райондук соттун кароосунда турат. Свердлов райондук сотунун судьясы Адимовго эки миллион сом айып салынган. Октябрь райондук сотунун мурдагы судьясы Абдыкалыковдун иши соттун кароосунда", — деди Зулушев.
Ошондой эле ал Жогорку соттун мурдагы төрайымы Гүлбара Калиева ооруп жатканына байланыштуу кылмыш иши токтотулганын кошумчалады.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2024
Башкы прокурор Зулушев экс-депутат Атазов аны каралаганын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0