ЖМКларда Кыргызстанда TikTok жабылары жазылууда

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүTikTok платформасы. Архивдик сүрөт
TikTok платформасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2024
Жазылуу
Платформаны балдардын адеп-ахлагына жана психикасына терс таасирди алдын алуу максатында чектөө зарылдыгы белгиленген.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы өлкөнүн интернет-провайдерлерине TikTok платформасын чектөө боюнча кат жөнөткөн. Бул тууралуу бир нече маалымат агенттик жазып чыкты.
Маалыматта Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына УКМКдан тиешелүү кат келип түшкөнү белгиленди. Анда TikTok платформасынын кыргыз сегментинде, тагыраагы, “балдардын маалымат мейкиндигинде” тиешелүү деңгээлде көзөмөл жок экендиги айтылган.
УКМК “Балдардын ден соолугуна, психикасына, руханий жана адеп-ахлагына зыян келтирүүнү алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” мыйзамга шилтеме кылган.

“Балдардын ден соолугуна, алардын интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирбөө максатында УКМК Кыргыз Республикасынын аймагында TikTok маалымат кызматына кирүү мүмкүнчүлүгүн чектөөнү жана 2024-жылдын 18-апрелине чейин жазуу түрүндө жооп берүүнү өтүнөт”, — деп айтылат катта.

Расмий органдар бул маалыматты тастыктай да, төгүндөй да элек.
TikTok жана мобилография. Маалымат катчыларга өтүлгөн мастер-класстан ирмемдер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2023
Пресс-борбор
TikTok жана мобилография. Маалымат катчыларга өтүлгөн мастер-класстан ирмемдер
Жаңылыктар түрмөгү
0