"Манас Ордо" комплексинин директорлугуна сынак жарыяланды. Талаптар

© Sputnik / Эмиль Садыров"Манас Ордо" комплекси. Архив
Манас Ордо комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2024
Жазылуу
Документтер 23-апрелге чейин кабыл алынат.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. "Манас Ордо" комплексинин директорлук кызматына документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Жумушка орношууну каалагандарга төмөнкү талаптар коюлган:
гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу, маданият жана искусство жаатында жогорку кесиптик билими;
музейлердеги иш тажрыйбасы беш жылдан кем эмес же маданият жана искусство чөйрөсүндөгү жетекчилик кызмат орундарында иш тажрыйбасы үч жылдан кем эмес болушу шарт;
илимий даражасынын болушу артыкчылыктуу.
Талапкерлер документтерин Маданият министрлигинин адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 2024-жылдын 23-апрелине чейин тапшырышы керек.
Байланыш телефону: +996 312 662683.
Улуттук банктын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2024
Улуттук банк адистерди жумушка чакырат. Бош орундар
Жаңылыктар түрмөгү
0