КРСУ менен Россиянын борбордук эки ири жогорку окуу жайы кызматташмакчы

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүМГИМОнун Одинцоводогу филиалынын имараты. Архив
МГИМОнун Одинцоводогу филиалынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2024
Жазылуу
Россиянын президенттик администрациясынын өкүлү КРСУ менен Санкт-Петербург политехникалык университеттин, Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун кызматташуусу боюнча макулдашууга кол коюлган аземге катышты.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балдарга россиялык жана дүйнөлүк стандарттарга төп келген сапаттуу билим алуусуна мүмкүнчүлүк жаратып беришибиз керек. РФ президентинин Аймактар аралык жана чет элдик мамлекеттер менен маданий байланыш түзүү башкармалыгынын жетекчиси Игорь Маслов айтты.
Ал КРСУ менен Санкт-Петербург политехникалык университеттин, Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун кызматташуусу боюнча макулдашууга кол коюлган аземге катышып, сөз сүйлөдү. Маслов КРСУнун ЖОЖдор ортосундагы кызматташуусу жана анын жаңы дем менен өнүгүүсүнө түрткү берүүгө аракет жасалып жатканын белгиледи.
Өкүлдүн айтымында, Кыргызстан менен Россиянын президенттери билим берүүгө олуттуу маани берип, бул теманы эки тараптуу жолугушууларда талкуулап турушат.
РФтин президенттик администрациясынын өкүлү КРСУ заманбап стандарттардын талабына жооп бериши керектигин белгиледи.
"Кыргызстандык балдарга россиялык жана дүйнөлүк стандарттарга төп келген сапаттуу билим алуусуна мүмкүнчүлүк жаратып беришибиз керек. Кеп жаштардын тандоосуна шарт түзүп, аны менен келечегин аныкташы туурасында болуп жатат", — деген Маслов.
Кыргыз-Россия славян университети. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2024
КРСУ эл аралык программанын катышуучусу болот
Жаңылыктар түрмөгү
0