Кара-Сууда жоголгон беш жаштагы кыз талаадагы машинадан табылды

© AFP / KARIM SAHIBКыз. Иллюстративдик сүрөт
Кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кара-Суу районунда 31 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, 15-апрель күнү милицияга аял арыз менен кайрылган. Ал беш жаштагы кызы уктоочу бөлмөсүнөн жоголуп кеткенин айткан.
"Кыз талаадан белгисиз адамдын унаасынан табылды. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Адам уурдоо" жана "Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери" беренелери боюнча кылмыш иши козголду", — деди ОИИБ.
Колго түшкөн Э.уулу З. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кызга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
ИИмдин Бишкек шаарындагы башкы имараты. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2024
Чүй милициясы секелек кызды 9 бала зордуктап жүргөн деген окуя боюнча үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0