Балыкчыда шамал электр станциясы курулат

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүШамал электр станциясы. Архивдик сүрөт
Шамал электр станциясы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2024
Жазылуу
100 МВт станцияны куруу долбоору "Росатом" компаниясы тарабынан ишке кирген.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Балыкчы шаарына караштуу Көк-Мойнок-1 калктуу конушунун аймагында шамал электр станциясы курулат. Бул тууралуу "Росатом" компаниясынын Кыргызстандагы кеңсесинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 100 мегаваттык станцияны куруу долбоору "Росатом" компаниясы тарабынан ишке кирген. Ушул жылдын февралында компания эксперименталдуу түрдө шамалдын кубаттуулугун текшерүүчү жабдуу орноткон.
"Кубаттуулукту ченөө иштери толук бир жылга, 2025-жылдын февраль айына чейин уланат. Ошол эле жылдын 1-кварталында станцияны куруу иштери толугу менен башталат", — деп билдирген компаниянын Кыргызстандагы кеңсесинин башкы директору Дмитрий Константинов.
Станциянын инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашууга "НоваВинд" ("Росатомдун" шамал энергетикалык дивизиону) компаниясынын башчысы Григорий Назаров жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башчысы Артем Новиков 2023-жылдын октябрында кол койгону кошумчаланды.
Жалал-Абаддагы курулуш материалдарын чыгарган ишкана жаңыланды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2024
Жалал-Абаддагы курулуш материалдарын чыгарган ишкана жаңыланды
Жаңылыктар түрмөгү
0