Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Былтыр төрт депутатка жана 11 сотко кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев Конституциялык мыйзамдар жана Укук тартиби комитеттеринин биргелешкен жыйынында билдирди. Анын айтымында, экс-депутат Жаныбек Абировдун иши тараптардын жарашканына байланыштуу кыскартылган. Өмүрбек Бакиров, Эмил Жамгырчиевдин иши сотко жөнөтүлүп, Адахан Мадумаровго болсо соттун өкүмү чыккан. Ал эми сотторго карата былтыр 11 кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынтыгы менен төртөө сотко жиберилген, үчөө өндүрүштө токтотулган. Эки иш бириктирилип, бирөө тергелүүдө. Ошондой эле ал Жогорку соттун мурдагы төрайымы Гүлбара Калиева ооруп жатканына байланыштуу кылмыш иши токтотулганын кошумчалады.
Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Азамат Осмонов кайсы министрликтер өлкө жетекчилигинин чечимдерин жакшы аткарып жатканын айтып берди.Журналист кайсы мамлекеттик органдар чечимдерди жакшы аткарып жатканын жана кимиси начар экенин сураган. Осмонов бул рейтинг улам өзгөрөрүн белгилеп, бирок укук коргоо блогундагы ведомстволор тартиптүү иш алып барганына токтолгон."Тапшырмаларды аткарууда "ударник" катары толук эле укук коргоо блогун белгилейм: ӨКМ, ИИМ, Юстиция министрлиги. Ошондой эле Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан чечимдер жетишерлик деңгээлде аткарылууда. Аталган мекеменин милдеттери көп болгонуна карабай иш натыйжалуу жүрүүдө", — деди Осмонов.Ошондой эле ал өткөн жылы начар делген Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги быйыл ишин кыйла жакшыртканы белгиленди. Ал эми Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ишинде жакшы жылыш болуп жатканы кошумчаланды.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Жалал-Абаддагы курулуш материалдарын чыгарган компания жаңыланды. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.Ага ылайык, 2014-жылдан бери иштеп келе жаткан компанияга 270 миң доллар бөлүнгөн. Натыйжада ишкана чийки затты майдалоодон баштап даяр продукция чыгарган өндүрүштү түзгөн. "Алардын продукциясы чет элдик аналогдордон арзан, сапаты жагынан кем калышпайт. Ал эми өндүрүштүн көлөмү көбөйтүлгөн. Буга чейин товар Жалал-Абад облусунда гана сатылса, эми өлкө боюнча сата алат жана импортту алмаштырууга дагы чоң салым кошот", — деп жазылган маалыматта. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду коммерциялык банктар аркылуу ири долбоорлорду эле эмес, чакан жана орто бизнести дагы каржылай турганы кошумчаланды.
Жоламан Шаршенбеков япониялык Каито Инабаны 11:0 эсеби менен утуп үчүнчү жолу Азия чемпиону болду. Аталган турнир Бишкек шаарында өтүп жатат. Спортчу килем бетинде 60 килограмм салмакта күрөшүп, финалга чейин индонезиялык, өзбекстандык, ирандык балбандарды уткан. Эске салсак, Жоламан Шаршенбеков буга чейин эки жолу континенттин биринчилигин багындырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0