Жолтандабастар менен кроссоверлердин баасы кандай болууда? Инфографика

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан апта сайын базардагы автоунаалардын баасы боюнча маалымат берет. Бул жолу белгилүү жолтандабастар менен кроссоверлердин наркын билдик.
Эң көп сатылган автомобилдердин тизмесине киргендер:
Kia Sportage III (2012–2014);
Subaru Forester IV (2015–2018);
Lexus GX l 470 (2003–2008);
Hyundai Santa Fe III (2013–2018);
Toyota Landcruiser 200 (2008–2014);
Lexus RX II 350 (2004–2007);
Honda CR-V III (2007–2011);
BMW X5 III (2013–2018).
Инфографикада автомобилдердин жылдары боюнча эң өтүмдүүлөрүнүн орточо (акыркы баасы эмес) баасы көрсөтүлгөн. Бул бардык унаалардын орточо баасына таасир этиши мүмкүн.
Алгачкы талдоо 7-мартта доллар Улуттук банктын курсу менен 89,04 сом кезинде жүргүзүлгөн. Акыркысы 11-апрелде курс 89,12 сом кезинде жасалды.
Баарынан да Toyota Landcruiser 200 менен Hyundai Santa Fe үлгүсүндөгү автоунаалар 1000ден 1 500 долларга чейин арзандаган.
Тизмедеги калган автомобилдердин баасы аз-маз өзгөргөн (300-700 долларга).
Жаңылыктар түрмөгү
0