Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Чыналиев: дыйкандарга жеңилдетилген баада күйүүчү май сатылууда

© SputnikСуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Муктар Чыналиев
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Муктар Чыналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2024
Жазылуу
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Муктар Чыналиев быйыл өлкөдө күйүүчү май тартыштыгы болбой турганын айтты.
Мамлекет 6 миллион литр күйүүчү майга акча бөлүп, ал жеңилдетилген баада дыйкандарга таратылып жатат. Бул тууралуу Муктар Чыналиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Чыналиев: дыйкандарга жеңилдетилген баада күйүүчү май сатылууда
Анын айтымында, талаа иштерине быйыл жалпы 25 миллион литр күйүүчү май керектелет.
"Биз жылына Нефтрейдерлер ассоциациясы менен келишим түзөбүз. Алар региондорго жетиштүү көлөмдө күйүүчү майды үзгүлтүксүз ташууга милдеттеме алат. Муну менен катар бааны түшүрүү максатында жылына арзандатылган майды Материалдык резервдер фонду аркылуу таратабыз. Биз акчасын бөлүп операторун тандап беребиз. Ал эми жергиликтүү бийлик калктын аялуу катмарына бөлүштүрүү милдетин алган. Учурда 6 миллион литр күйүүчү майдын акчасы бөлүнүп, таратылып жатат. Дыйкандар мында 65 сомдон алышууда. Негизи Казакстан менен чектеш аймакта көчөдө саткандар аркылуу андан арзан алып калган учурлар да бар. Ушул райондордо биздин майларга суроо-талап аз болуп калат. Талаа иштерине керектелүүчү жалпы 25 миллион литр күйүүчү майдын 6 миллионун жеңилдетилген баа менен камсыздоого аракет кылабыз. Мындан тышкары, дыйкандарга арналган жеңилдетилген насыялар да бар. Россия өкмөтү да жылына бизге күйүүчү майды жеңилдетилген баада сатат", — деди Чыналиев.
Ал учурда айдоо жерлеринин 80 пайызы дыйканчылык иштерине даяр экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0