Улуттук банктын алтын куймалары кымбаттап, баасы рекорд койду

© AFP / DAVID GRAYАлтын куймалар. Архивдик сүрөт
Алтын куймалар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2024
Жазылуу
Баа өткөн жума күндөн бери жогорулап жатат.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Улуттук банктын алтын куймалары бир топ кымбаттады.
2015-жылы башкы банк алтын куймаларды инвестиция салуу же аманатка сактоо үчүн сатып баштаган. Жалпы жонунан алтын куймалардын бирден жүз граммга чейинки алты түрү бар.
Алтындын наркы Лондондогу баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын баасынан көз каранды (дүйнөлүк баа).
Учурда куймалардын баасы төмөндөгүдөй:
100 грамм - 716 958,5 сом;
унция (31,1 грамм) - 223 000,5 сом (5 052);
10 грамм - 71 722 сом;
беш грамм - 36 353;
эки грамм - 15 324;
бир граммы - 8311,5 сом.
Белгилей кетсек, 10, 31 жана 100 граммдык куймалардын баасы рекорд койду, ал эми беш граммдык куймалардын баасы мурунку максимумдан (2022-жылы мартта 31,6 миң сом) ашты.

Алтындын дүйнөлүк баасы

Акыркы күндөрү Лондондун баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын баасы тездик менен өсүүдө.
Маселен, 27-мартта бир унциянын баасы 2,2 миң доллардан (2192) төмөн болсо, эртеси бул чектен ашты. Ал эми 8-апрелге карата 2320,3 долларга жетсе, 12-апрелде 2401,5 долларга чукулдаган.
Алтын куймалары. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2024
Президент Жапаров учурда Улуттук банкта канча алтын бар экенин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0