Бүгүн Азия чемпионатында беш балбан кыз килемге чыгат

© Фото / United World Wrestling / Kadir CКыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында
Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкекте кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионатынын экинчи күнү өтүп жатат.
Бүгүн беш кыргызстандык кыз баш байге үчүн ат салышат.
Тыныбекова 62 кг салмакта күч сынашса, Сезим Жуманазарова 57 кг, Дилназ Сазанова 65 кг, Нурзат Нуртаева 72 кг, Айжан Сабырбек кызы 53 кг салмакта күрөшмөкчү.
Кечээки мелдеште Айпери Медет кызы (76 кг) алтын алса, Арууке Кадырбек кызы (55 кг) жана Гүлнура Таштанбекова (68 кг) коло утушкан.
Балбан Тайырбек Жумашбек уулу Азия чемпионатынан алтын утту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2024
Балбан Тайырбек Жумашбек уулу Азия чемпионатынан алтын утту
Жаңылыктар түрмөгү
0