Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ибрагимов: 12 жылдык окуу системасына өтүүдө электрондук китептер ишке кирет

© Sputnik / Асылбек БактыбековПрофессор Айдаркан Молдокулов атындагы инновациялык мектеп-лицейинин директорунун милдетин аткаруучу Жайнак Ибрагимов
Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы инновациялык мектеп-лицейинин директорунун милдетин аткаруучу Жайнак Ибрагимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2024
Жазылуу
Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы инновациялык мектеп-лицейинин директорунун милдетин аткаруучу Жайнак Ибрагимов 12 жылдык окуу системасына өтүү этап-этабы менен жүргүзүлөрүн айтты.
12 жылдык окуу системасына өтүү башталгыч класстардын окуучуларын кайталап окутуудан арылтат. Бул тууралуу Жайнак Ибрагимов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Ибрагимов: 12 жылдык окуу системасына өтүүдө электрондук китептер ишке кирет
Анын айтымында, жаңы окуу системасынын биринчи жылында электрондук китептер пайдаланылат.
"Азыр балдар "Наристе" программасы аркылуу даярдык класстарында окушат. Эл оозунда нөлүнчү класс деп айтылат. Ал милдеттүү түрдө болбогондуктан айрым балдар билим албай калат. Жыйынтыгында 1-класска келишкенде кайра эле ушул программа кайталап окутулат. 12 жылдык окуу системасына өтүү менен биз ушул нөлүнчү классты 1-класс деп атап калабыз. Азыркы системада балдар кайталап билим алуудан арылышат. 12 жылдык билим берүүгө этап-этабы менен өтөбүз. Быйыл даярдоо жылы болот. Мектепке окуучуларды мурда кандай кабыл алсак, ошондой эле тартипте кабыл алынат. Быйылкы окуу жылына коюлган негизги тапшырма окуу китептерин, мугалимдерди жаңы системага даярдоо болуп эсептелет.
Китептерди даярдоодо Сингапурда окутулган "Стем" багытындагы 47 предметтик китептерди сатып алып которуп, биздин улуттук баалуулуктарга ылайыктуу түшүнүктөрдү киргизип адаптациялайбыз. Мындан сырткары, "Кыргыз тили", "Тарых", "Орус тили" деген сыяктуу 83 китеп бар. Алар боюнча атайын жумушчу топ түзүлүп, "Стем" багытына туура келе тургандай китеп, контенттерди иштеп чыгышат. Китеп маселесин чечүү да этаптарга бөлүнөт. Алгач анын электрондук варианттары түзүлүп, ишке кирет. Электрондук китептер жөнөкөй PDF-формат эмес, кадимкидей динамикалуу иштеген китептер болот. Кийинки окуу жылында кагаз варианты басылып чыгат", — деди Ибрагимов.
Ал ата-энелерди мындан ары деле балдарын мектепке 6, 7 жашында, кааласа 5 жарым жашында берсе болорун кошумчалады. Эске салсак, Билим берүү жана илим министрлиги быйылкы окуу жылынан тарта 12 жылдык билим берүү системасына өтүүгө камынып жатат. Буга байланыштуу министрлер кабинети "Жалпы орто билим берүүнүн түзүмүн модернизациялоо жөнүндө" токтомду ушул жылдын 15-мартында карап, жактырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0