Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Манапбаев: интернетте ыплас пикир айткандарды коомдук иштерге тартуу керек

© Sputnik / Асель СыдыковаСаясат таануучу Амантур Манапбаев. Архив
Саясат таануучу Амантур Манапбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2024
Жазылуу
Саясат таануучу Амантур Манапбаев ЖМК жана социалдык тармактарда бирөөлөрдү сөгүп, жалаа жапкандарды жазалоо мыйзамын киргизүү зарыл деп эсептээрин айтты.
Жалпыга маалымдоо каражаттарында же интернет айдыңында бирөөлөрдү каралап, адептен тышкары пикир жазгандарды жазалоо керек. Өлкөдө тартип болуусу шарт. Бирок анын так көрсөтүлгөн эрежелери ишке кирип, сөз эркиндигин чектебеши зарыл. Мындай пикирин Амантур Манапбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Манапбаев: интернетте ыплас пикир айткандарды коомдук иштерге тартуу керек
Анын айтымында, учурда бул багытта министрлик сунуштап жаткан мыйзам долбоорундагы жазалоо чараларын өзгөртүү керек.
"Жалпыга маалымдоо каражаттары, соцтармактар аркылуу бирөөнү сөгүп, жалаа жапкандарды жазалоо керек. Мамлекетте тартип болуусу шарт. Интернеттин жашообузга сүңгүп кирүүсү менен ээнбаш коомго айланып кеттик. Бирок бул мыйзам конструктивдүү пикирин билдирдип, ачуу чындыкты айткандарды куугунтуктаган инструментке айланбашы зарыл. Анда сөз эркиндиги чектелип калат. Ошону менен катар эле социалдык тармактарда же ЖМКлар аркылуу ыплас сөздөрдү жазгандарды жазалоодо акча төлөтүп коюу анчалык эффективдүү кадам болбойт. Мыйзам долбоорунда ЖМКда, интернетте бирөөнү кемсинтип, кадыр-баркын тепсеген жеке жактарга 7 500, юридикалык жактарга 23 миң сом айып каралыптыр. Ал эми жалаа жаап, ар-намысына шек келтирген жеке жактарга 10 миң, юридикалык жактарга 28 миң сом айып салуу сунушталып жатат. Социалдык тармактар аркылуу бул сумманы бир күндө таап койгон адамдар бар. Алар атайын "хайп" кылып, катталуучу чогултуу максатында да жогорудагы айып пулду төлөп, оозуна келгенди айтып түз эфирлерге чыгып алуусу ыктымал. Демек, бул мыйзам ишке кирип калса аны бузгандарды коомдук иштерге тартуу менен жазалоо зарыл. Ошондо биз жаш муундарга үлгү болгон, мыйзам бузуучу өкүнгөн жыйынтыкка жете алабыз", — деди Манапбаев.
Ал мыйзам долбоору кимдир бирөөлөрдү жазалоо эмес, коомдуу тарбиялоого, элдин маданиятын жогорулатууга багытталышы зарылдыгын кошумчалады.
Эске салсак, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ЖМК жана соцтармактар аркылуу бирөөнү сөгүп, жалаа жапкандарды жазалоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Аталган мыйзам долбоору министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен иштелип чыкканы кабарланган. Учурда коомдук талкууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0