"Социалдык келишим" долбоору боюнча кимдерге артыкчылык берилери айтылды

© Фото / Пресс-служба министерства труда, социального обеспечения и миграции КР"Социалдык келишим" долбоордун катышуучулары. Архив
Социалдык келишим долбоордун катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мамлекеттен 100 миң сомду ким жана кантип ала аларын айтты.
Мекеменин маалыматына ылайык, быйыл мамлекет 20 миң үй-бүлө менен социалдык келишим түзүүнү көздөөдө. Ал үчүн үй-бүлөнүн эмгек жана мүлк потенциалы, түзүлгөн бизнес-планы болушу зарыл.
"Социалдык келишимдин алкагында 100 миң сомду берүүдө үчтөн көп балалууларга, майып үй-бүлөлөргө, ошондой эле "Бир айыл – бир продукт" долбоорунун жана "жашыл" экономиканын критерийлерине жооп берген кирешелүү, туруктуу бизнес-планы барларга артыкчылык берилет. Учурда 13 миңге жакын үй-бүлө өз бизнесин ачып, мамлекеттин колдоосу менен киреше ала баштады", — деп жазылган маалыматта.
Белгилей кетсек, социалдык паспорту бар же "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алгандар "социалдык келишим" түзүп, 100 миң сомдон кайтарымсыз акча ала алышат.
Пельмен цехинин кызматкери жумуш учурунда. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2024
"Социалдык келишим" долбоорун тандоодогу критерийлер аталды
Жаңылыктар түрмөгү
0