Бишкек ТЭЦиндеги авария боюнча кимдер кантип жазаланары айтылды

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев. Архив
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкек ТЭЦиндеги авариядан кийин жазаланчуларды тизмектеди.
Ал — Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ, ТЭЦ) авариянын себептерин аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси. Бүгүн Төрөбаев комиссиянын ишинин жыйынтыгын айтты.
"Энергетика тармагын 2023-2024-жылдарга жылуулук мезгилине даярдоо жана отун-энергетика комплексин өнүктүрүү боюнча саясатты ишке ашырууда мамлекеттик органдардын жана башка ишканалардын ишмердүүлүгүнө жетишерлик көзөмөл жүргүзбөгөндүгүнө байланыштуу энергетика министрине сөгүш жана бул тармакты караган министрдин орун басарына катуу сөгүш жарыялоо чечими кабыл алынган, ошондой эле ЖЭБдин кызматкерлерине карата тартиптик жаза чаралары каралууда", — деди Төрөбаев.
Анткен менен кызматкерлердин ысымдары аталган жок.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары ЖЭБ 1961-жылы курулганын жана бардык жабдыктар эскиргенин кошумчалады.
Бир катар техникалык көйгөйлөр жана уюштуруудагы кемчиликтер аныкталды:
ЖЭБдин жабдуулары завод тарабынан белгиленген мөөнөтүн толук бүтүргөн;
оңдоп-түзөө иштери толук жүргүзүлгөн эмес;
өрттүн тутанышын алдын ала ала турган от казандар цехиндеги тегирмендик жабдыктарда өрткө каршы жана аварияны алдын алуу каражаттары калыбына келтирилген эмес;
от казандарды автоматтык түрдө күйгүзүүчү жана тутантуучу мүмкүндүк жок;
от казандардын жабдууларын коопсуз иштетүү үчүн арналган жабдыктар иштен чыккан;
цехте көмүр чаңы жол берилген көрсөткүчтөн ашык болгон. Аны өлчөй турган жана эскертүүчү жабдыктар жок болгон.
Бишкек ТЭЦи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2024
Бишкек ТЭЦиндеги авария
Бийлик ТЭЦтеги жарылуунун себебин атап, авариянын хронологиясын берди
Жаңылыктар түрмөгү
0