Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сулайманова: "Үмүт" кинофоруму жаш режиссёрлордун тажрыйба алмашчу аянтчасы

© Sputnik / Асылбек БактыбековПродюсер Сүйүм Сулайманова
Продюсер Сүйүм Сулайманова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2024
Жазылуу
Продюсер Сүйүм Сулайманова "Үмүт" кинофоруму кулачын жайып режиссёрлорго чет өлкөлүк кесиптештери менен мамиле түзүп, биргелешип иштешүүгө шарт түзүп берип жатканын айтты.
Учурда Кыргызстанда кинону жайылтуу жагы болуп көрбөгөндөй өнүгүүдө. Бул тууралуу Сүйүм Сулайманова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Сулайманова: "Үмүт" кинофоруму жаш режиссёрлордун тажрыйба алмашчу аянтчасы
Анын айтымында, азыр кыргыз киносуна кошулуп жаткан жаш режиссёрлор, сценаристтер да бул тармакка жакшы жаңылык киргизет.
"Үмүт" кинофоруму көптөгөн жылдардан бери уюштурулуп келе жатат. Мында көбүнчө кыска метраждуу тасмалар көрсөтүлөт. Азыр бул форум бир гана Кыргызстан эмес, башка өлкөлөрдү да камтып эл аралык деңгээлге чыкты. Ошондой эле ал жаш режиссёрлор менен сценаристтердин пикир алышып, тажрыйба алмашуучу аянтчасына айланып калды. "Үмүт" кинофоруму кулачын жайган сайын чет өлкөлүк кесиптештер менен мамиле түзүп, биргелешип иштешүүгө шарт түзүп берүүдө. Биз быйыл аталган форумга "Ромео" аттуу кыска метраждуу тасмабыз менен катыштык. Бул — режиссёр Тыныстан Темиржандын дипломдук эмгеги", — деди Сулайманова.
Ал кыргыз режиссёрлору миграция темасына абдан көп кайрыларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0