Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ысабеков: легалдаштыруу кампаниясы — салык реформасынын бир бөлүгү

© Sputnik / Асылбек БактыбековЭкономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков
Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2024
Жазылуу
Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков тийиштүү мыйзам былтыр кабыл алынганын айтты.
Мүлктөрдү легалдаштыруу кампаниясы — өлкөдө жүрүп жаткан салык реформасынын бир бөлүгү. Бул тууралуу Кубанычбек Ысабеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Ысабеков: легалдаштыруу кампаниясы — салык реформасынын бир бөлүгү
Анын айтымында, кампаниянын негизги максаты — ишкерликти көмүскө экономикадан чыгаруу.
"Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" мыйзамы былтыр кабыл алынган. Анын алкагында атайын кампания жүрүүдө. Кампаниянын алкагында жарандар 100 миллион сомго чейинки каражатын мамлекетке салык же айып пул төлөбөй эле өзүнө каттатып алса болот. Анткени буга чейин патент менен иш алып барган ишкерлердин көбү кирешесин 8 миллиондон ашырбаштын айласын кылып, ачыктабай келишкен. Эми ушул жылдын июль айына чейин кирешесин ачык көрсөтүп, башка бирөөнүн атына катталган мүлкүн өзүнө өткөрүп алса болот. 100 миллионго чейинки мүлктү каттоодо эч кандай маселе жаралбайт. Эгер мүлкү 100 миллион сомдон ашса, анда мамлекетке 1 миллион сом төлөп берет. Аталган кампаниянын алкагында катталган мүлк боюнча кийин деле эч кандай суроо жаралбайт. Ага атайын белги коюлат. Буга чейинки мындай мыйзамды ишке ашыруудан азыркы жүрүп жаткан кампаниянын эң чоң айырмачылыгы мына ушунда. Кирешең көп же кайдан алдың деген куугунтуктоолор болбой турганын мамлекет өзү кепилдеп жатат", — деди Ысабеков.
Ал мүлктү легалдаштыруу кампаниясынын алкагында катталбай калган мүлк ээлери кийин мыйзам чегинде жооп беришерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0