Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Европадагы башкы командачы: НАТО өлкөлөрү РФ менен согуша турган жагдайда эмес

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүНАТОнун Брюсселдеги штаб-квартирасы алдында баннерлер. Архив
НАТОнун Брюсселдеги штаб-квартирасы алдында баннерлер. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2024
Жазылуу
Россия соңку учурларда НАТО анын батыш тараптагы чектеринде активдүүлүгүн арттырып жатканын белгилеп келет.
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. НАТО өлкөлөрү өздөрүн Россия менен согуша турган кырдаалда эмес деп эсептей турганын Европадагы альянстын бириккен күчтөрүнүн башкы командачысы, америкалык генерал Кристофер Каволи айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"НАТО өлкөлөрү өздөрүн Россия менен согушчу жагдайда деп эсептебейт. Биздин андай каалообуз жок", — деген Каволи Вашингтондо аталган уюмдун 75 жылдыгына арналган иш-чарада сүйлөп жатып.
Ал альянстын максаты "бул сымал согуштун жүрүшүн улантып, кармап туруу" эместигин, мындан улам блоктун мүчөлөрү Украинаны колдоп жатканын белгилеген.
Эскерте кетсек, акыркы убакта Батышта НАТО менен Россиянын түз кагылышуусу тууралуу байма-бай айтыла баштады. Кремль Россия эч кимге эч кандай кооптуулук жаратпай турганын, ошентсе да анын кызыкчылыгына доо кетире турган аракеттерди көз жаздымда калтырбастыгын айтып келет. Мындан тышкары, Москва батыш чек араларында НАТО катуу активдешип жатканын белгилөөдө. Альянс улам өз чегин кеңейтип, муну "россиялык агрессияны тизгиндөө" деп атап жатат. Кремль НАТОнун Европада күчтөнүп жатканына тынчсыздануусун бир нече ирет билдирген. Ал эми РФ ТИМи Россия альянс менен тең укукта ачык диалогго даяр экенин, бирок Батыш континентти милитаризациялоо багытынан кайтышы керектигин айткан.
РФ президенти Владимир Путин америкалык журналист Такер Карлсон менен маектешип жатып Москванын НАТО өлкөлөрүнө кол салуу ниети жоктугун, мындай аракеттин маани-маңызы болбостугун түшүндүрүп берген. Ал батыш саясатчылары өз калкынын көңүлүн ички маселелерден алагды кылыш үчүн Россиядан келчү кооптуулук менен коркутууну адатка айландырып алышканын белгилеген болчу. Путиндин айтымында, "акыл-эстүү адамдар мындай коркутуп-үркүтүү фейк экенин жакшы түшүнүшөт". Президент Батыш мамлекеттери Россия Украина менен болгон кагылышуусунда стратегиялык жеңилүүгө дуушар болбой турганын акырындан түшүнө баштаганын, андыктан кийинки кадамдары тууралуу ойлонушу шарт экенин билдирген. Путин Россия диалогго дайым ачык экенин кошумчалаган.
Буга чейин Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров Украинаны куралдандыруу максатында жөнөтүлгөн жүктүн кандай гана түрү болбосун Москва үчүн мыйзамдуу бута болорун эскерткен. Анын айтымында, АКШ менен НАТО согушка түздөн-түз катышкандан тышкары, Улуу Британия, Германия, Италия жана башка өлкөлөрдө кадрларды даярдоо менен да алектенип жатышат. Кремль Батыштын Украинаны куралдандыруусу эки өлкөнүн кепке келүүсүн шарттабай, тескери жыйынтыкка алып келерин айтып келет.
Британиялык аскерлери аскердик машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2024
Улуу Британия согушка даяр эмес. Коргоо министрлигинин билдирүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0