Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абакирова: мүлктү легалдаштыруу кампаниясы бардык кыргызстандыктарга тиешелүү

© Sputnik / Асылбек БактыбековЮстиция министрлигинин нотариат, юридикалык жактарды каттоо жана апостилдештирүү башкармалыгынын башчысы Асел Абакирова
Юстиция министрлигинин нотариат, юридикалык жактарды каттоо жана апостилдештирүү башкармалыгынын башчысы Асел Абакирова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2024
Жазылуу
Юстиция министрлигинин нотариат, юридикалык жактарды каттоо жана апостилдештирүү башкармалыгынын башчысы Асел Абакирова мүлктү легалдаштыруу мыйзамынын алкагындагы кампанияга учурда 3000дей билдирүү келип түшкөнүн айтты.
"Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" мыйзамы бардык кыргызстандыктарга тиешелүү. Бул тууралуу Асел Абакирова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Абакирова: мүлктү легалдаштыруу кампаниясы бардык кыргызстандыктарга тиешелүү
Анын айтымында, учурда аталган иш-чара мамлекеттик нотариустарда жүргүзүлүүдө.
"Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" мыйзамы кабыл алынып, өлкө башчысы биринчилерден болуп катышып, элге да чакырык таштаган. Учурда аталган кампаниянын алкагында 3000дей кыргызстандык мүлкүн легалдаштырды. Коомчулукта мыйзам мүлкү көп адамдарга гана тиешелүү деп түшүнгөндөр бар. Бирок аталган мыйзам жалпы кыргызстандыктар үчүн иштээрин эскертип кетейин. Кимдин ушул убакка чейин өзүнө катталбаган мүлкү болсо, кампаниянын алкагында өзүнө өткөрүп алса болот. Ага кайдан алып, качан ээ болгондугу тууралуу сурак жүргүзүлбөйт. Учурда республикада 90 мамлекеттик нотариус болсо, ошонун баарында документтер кабыл алынууда. Биз жакында эле бул кампанияга жеке менчик нотариустарды да тартуу боюнча кеңешме өткөрдүк. Жакынкы аралыкта бул маселе чечилсе жеке нотариустар да кампанияга катышып калышы ыктымал. Анда кезек күтүүлөр азайып, кыргызстандыктар үчүн жеңил болуп калат", — деди Абакирова.
Ал мүлктү легалдаштыруу кампаниясы 2024-жылдын 1-июлуна чейин гана жүрөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0