Боомдо 15-апрелден 19-апрелге чейин таш кулатылат

© Sputnik / Табылды КадырбековБоом капчыгайындагы таштарды атайлап түшүрүү. Архив
Боом капчыгайындагы таштарды атайлап түшүрүү. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2024
Жазылуу
Ишкана жолго чыга тургандардан каттамды алдын ала пландоосун суранды.
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Боом капчыгайында 15-апрелден 19-апрелге чейин таш кулатылат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.
Маалыматта пландалган бул иштер жол жарым-жартылай тосулгандан кийин саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөрү айтылды. Жолду тазалоо учурунда автокөлүктөр бир тилке менен жүрөт.
Ишкана жолго чыга тургандардан каттамды алдын ала пландап коюусун суранды. Ошондой эле бул иш-чара автоунаа жана темир жолдо коопсуздукту камсыздоо максатында өткөрүлүп жатканы кошумчаланды.
Бишкек шаарынын кире бериш жери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2024
Бишкектин кире беришине транспорт алмаштырган түйүндөр уюштурулат
Жаңылыктар түрмөгү
0