Стрельба в Крокус Сити Холле - Sputnik Кыргызстан, 1920
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
23-мартка караган түнү "Крокус сити холл" концерттик залында теракт болду. Белгисиз адамдар ок чыгарып, имаратта өрт башталган. ФСБ 40 адам каза таап, 100дөй киши жаракат алганын билдирди. Терак боюнча кылмыш иши козголду.

"Крокустагы" терактыга шектелгендер координаторунун ысымын атады

© Sputnik / Сергей Бобылев / Медиабанкка өтүү"Крокус сити холлдогу" теракт
Крокус сити холлдогу теракт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2024
Жазылуу
Тергөө комитетинин маалыматына караганда, террорчулар кыргын салгандан кийин акча алыш үчүн Киевге багыт алган.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. "Крокус сити холлду" чабуул жасаганга ылайыктуу жер жана Украинага чыгып кетсе болот деп Сайфулло аттуу киши тандаганын шектүүлөр сурак учурунда айткан. Бул видеону "Россия 1" телеканалындагы программа көрсөткөнүн РИА Новости жазды.
"Сайфулло бизге Украинага, Киевге барыш керек деди. Ал жерден миллион рубль беришерин айтты", — деген алардын бири.

"Крокустагы" теракт

Москва облусундагы "Крокус сити холлдун" концерттик залындагы теракт 2024-жылдын 22-мартында кечинде болгон. Имаратка кирип келген куралчандар элге ок жаадырып, имаратка өрт чыгара турган заттарды ыргыткан. Россиянын ӨКМинин маалыматына караганда, кол салуудан 145 адам көз жумду. Алардын арасында балдар да бар.
Тергөө бул каргаша боюнча 11 киши кармалып, алардын ичинен төртөө (Тажикстандын жарандары) терактыны ишке ашырганын айтты. Мындан сырткары, 1-апрелде Дагестанда кылмышкерлерди курал менен камсыздап жана каржылаган төрт чет элдик кармалганы маалымдалган.
Өткөн жумада ФСБ директору Александр Бортников тергөөнүн алгачкы жыйынтыгы кылмыштын изи Украинага барып такалып жатканын билдирген. Россиянын Тергөө комитетинин маалыматына караганда, террорчулар кол салгандан кийин акча алыш үчүн Киевге багыт алган. РФтин атайын кызматы бул каргашанын артында АКШ менен Улуу Британия турганын айтууда.
Крокус сити холлдогу терактыга айыпталып жаткан онунчу адам Якубжони Юсуфзода - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2024
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Сот “Крокустагы” терактыга онунчу шектүүнү камакка алды
Жаңылыктар түрмөгү
0