Россиянын Орск шаарында дамба жырылып, эл коопсуз жайга көчүрүлүүдө

© Фото / Пресс-служба МЧС РФ / Медиабанкка өтүүОренбург облусуна караштуу Орск шаарындагы суу каптоо
Оренбург облусуна караштуу Орск шаарындагы суу каптоо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2024
Жазылуу
Облус башчысы Денис Паслер кырсыктан жапа чеккендерге төлөнчү акчаны эки эсеге көбөйтүүнү тапшырган.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Россиянын Оренбург облусуна караштуу Орск шаарында Урал дарыясынан коргоп турган дамба жырылганын РИА Новости жазды.
Билдирмеге караганда, аймакта суу каптаган айылдардын эли массалык түрдө эвакуацияланууда.
Облус башчысы Денис Паслер кырсыктан жапа чеккендерге төлөнчү акчаны эки эсеге көбөйтүүнү тапшырган.
Ыкчам кызматтар суу каптоодон үч адам көз жумганын кабарлады. Улгайган кишилердин сөөгү өз үйлөрүнөн табылган. Аймактык прокуратуранын маалыматы боюнча, Оренбургдагы дамба өз убагында көрүлбөгөн чаралардан улам бузулган. Бул боюнча кылмыш иши козголгону кошумчаланды.
"Суу каптаган Оренбург облусунда тамак-аш, ичүүчү суу тартыштыгы жок. Бул аймактан эвакуациялангандар үчүн убактылуу жашап туруу жайлары уюштурулду", — деп жазылат кабарда.
Отправка гуманитарной помощи Казахстану - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2024
Кыргызстан Казакстанга 300 тонна гумжардам жөнөттү
Жаңылыктар түрмөгү
0