Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Тойгонбаева: "Славян базары" фестивалына тандоо жүрдү

© Sputnik / Акбар АкжигитовКР эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева
КР эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2024
Жазылуу
КР эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева "Славян базары" эл аралык фестивалында бир катар маданий иш-чаралардын ичинде эстрада ырчыларынын конкурсу көптөрдүн бүйүрүн кызытарын айтты.
"Славян базары" эл аралык балдар фестивалына тандоо туру Кыргызстанда быйыл экинчи жолу өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Гүлнара Тойгонбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Тойгонбаева: "Славян базары" фестивалына тандоо жүрдү
Анын айтымында, аталган эл аралык фестивалга балдар арасынан Раяна Алибаева, ал эми жаштар арасынан эстрада ырчысы Адилет Азимов тандалган.
"Славян базары" эл аралык фестивалы дүйнөдөгү легендарлуу сынак, быйыл 33-жолу өтөт. Ага 18 жаштан 33 жашка чейинки ырчылар катышат. Муну менен катар XXII "Витебск" эл аралык балдар музыкалык сынагында да дүйнө жүзүнөн таланттуу балдар келип ат салышат. Былтыр Насыйкат Баймырзаева аттуу кыз конкурска барып, 18 өлкөдөн келген жеткинчектер арасында 3-орунга ээ болгон. Ал эми быйыл балдар эле эмес, жаштар арасында да тандоо туру өтүп, фестивалга Кыргызстандан эки талант барат. Учурда жеңүүчүлөрдүн документтерин уюштуруу комитетине жөнөтүп жатабыз", — деди Тойгонбаева.
Ал ар кайсы өлкөдөн келген ырчылар менен бир залда даярданып, ырдоо чоң тажырыйба берерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0