Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жыл соӊуна чейин өлкөдө 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Билим берүүнүн негиздерин бекемдөө" жана "Келечек үчүн билим берүү" долбоорлорунун координатору Александра Исаева
Билим берүүнүн негиздерин бекемдөө жана Келечек үчүн билим берүү долбоорлорунун координатору Александра Исаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2024
Жазылуу
"Билим берүүнүн негиздерин бекемдөө" жана "Келечек үчүн билим берүү" долбоорлорунун координатору Александра Исаева жыл соӊуна чейин өлкөдө 560 кыска мөөнөттүү бала бакча пайда болорун айтты.
Чүй облусунун Москва районундагы "Спартак" орто мектебинин базасында 29-мартта республика боюнча пландаштырылган 560 кыска мөөнөттүү бала бакчанын биринчиси ачылды. Бул тууралуу Александра Исаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Жыл соӊуна чейин өлкөдө 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат
Анын айтымында, кыска мөөнөттүү бала бакчаларын түзүүгө жергиликтүү бийлик өз балансындагы же ошол аймактагы пайдаланылбай турган мамлекеттик имаратты долбоорго сунуштайт.
"Мындай аракет экономикалык жактан пайдалуу болуп саналат. Балдар билим алууга гана келип, аларды уктатуу жана ойнотууга кеткен убакыт жана чыгым үнөмдөлөт. Түшкө чейин бир тайпада 25 бала окуса, түштөн кийин 25 бала окуп, бир күндө бир эле жерде 50 баланын билим алуусуна шарт түзүлөт. План боюнча, 2025-жылга чейин өлкөдө 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ишке кирет. Бакчалар Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын каражатына ачылып, "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун аркасында уюштурулууда. Долбоор имараттарды оңдоого, эшик-терезелерди алмаштырууга, санитардык-гигиеналык шарттарды түзүүгө, ошондой эле балдар үчүн оюнчук, эмерек жана окуу куралдарын сатып алуу иштерин камтыйт. Жалпысынан Москва районунда мындай 16 бала бакча иштейт, калган мекемелердин ачылышы апрель айына белгиленген. "Келечек үчүн билим берүү" жана "Билим берүүнүн негиздерин бекемдөө" долбоорлорунун алкагында Кыргызстанда 3 жаштан 6 жашка чейинки 40 миңге жакын балага мектепке чейинки билим берген 500 кыска мөөнөттүү бала бакча жана 60 өнүктүрүү борборлору түзүлөт. Эки нөөмөт менен сабактарды уюштуруу менен мектепке чейинки билим берүү уюмдарына тартылган балдардын санын эки эсеге көбөйтүү пландалууда. Билим берүү акысыз. Учурда 820 тарбиячы тандалып, окутулуп жатат", — деди Исаева.
Ал кыска мөөнөттүү бала бакчалар көбүнесе республиканын алыскы аймактарында, элетте уюштуруларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0