Стамбулдагы өрттөн 29 киши каза тапты. Видео

© AP Photo / IHA Стамбулда өрт чыгып, 29 адам каза тапты
 Стамбулда өрт чыгып, 29 адам каза тапты   - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Стамбул шаарынын Бешикташ аймагындагы имараттардын биринде чыккан өрттөн көз жумгандардын саны 29 адамга жетти. Бул туурасында Sputnik Түркия билдирди.
"Реконструкцияланган 16 кабат имараттын көңүл ачуучу жайында 29 адам каза таап, бир киши жаракат алды", — деп айтылган маалыматта.
Өрт оюн-зоок жайына ылайыкталып жасалган төмөнкү кабаттан чыккан. Тилсиз жоо менен күрөш бир нече саат болуп, 31 атайын техника менен 89 адис иштеген.
TRT Haber телеканалы президент Режеп Тайип Эрдогандын ИИМ жетекчисине чалып, кырсыктын келип чыгышын майда-чүйдөсүнө чейин тактоону тапшырганын билдирди.
Түркиянын тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2023
Түркиянын түштүк-чыгышында газ түтүгү жарылды
Жаңылыктар түрмөгү
0