Түркия: жеңишти майрамдап жатканда балкон урап, саясатчы көз жумду. Видео

© AP Photo / Khalil HamraСтамбалдагы Элдик-республикалык партиясынын колдоочулары шайлоодогу жеңишти майрамдоо учурунда
Стамбалдагы Элдик-республикалык партиясынын колдоочулары шайлоодогу жеңишти майрамдоо учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2024
Жазылуу
Саясатчы жана сегиз адам кырсыктан кийин ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлер алардын бири Мехмет Палазды сактап кала алышкан эмес.
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Түркиянын оппозициядагы Элдик-республикалык партиясынын Деңизли провинциясындагы райондук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары шайлоодогу жеңишти майрамдап жатканда балкон урап түшүп көз жумганын РИА Новости жазды.
Партия социалдык баракчасында Деңизли провинциясындагы Тавас районундагы бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Мехмет Палаздын каза тапканын кабарлаган.
IHA агенттигинин маалыматына караганда, шайлоодогу жеңишти майрамдап, тагыраагы, тарапташтарынын алдында сүйлөп, бири-бирин куттуктап жатканда балкон урап түшүп, саясатчы жана сегиз адам жаракат алган. Бирок дарыгерлер алардын бири Палазды сактап кала алышкан эмес.
Эске салсак, бул жекшембиде, 31-мартта, Түркияды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо болгон. Оппозициядагы Элдик-республикалык партия (СНР) 20 жылдан бери биринчи ирет бийликтеги "Адилет жана өнүгүү" партиясынан озуп, көп добуш алган. 2019-жылдан бери оппозиция башкарып келген Стамбул, Анкара жана Антальядан тышкары өнөр жай борборлору болгон Бурса жана Текирдаг сыяктуу жаңы шаарлар да алардын көзөмөлүнө өткөн.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкарадан кайрылуу жасап, партиясы муниципалдык шайлоодо каалаган жыйынтыкка жете албаганын мойнуна алып, бул кырдаал анализденерин айткан.
КР президенти Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2024
Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоганды Кыргызстанга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0