Бишкекте митинг өткөрүүгө коюлган чектөө 1-июлга чейин узартылды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы митингчилер. Архив
Бишкек шаарындагы митингчилер. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бишкектин борборундагы айрым жерлерде митинг өткөрүүгө салынган тыюу 1-июлга чейин узартылганын Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Митингге чыгууга болбой турган жайлар:
"Ала-Тоо" аянты;
Эркиндик проспекти. Темир жолдон Чүй проспектине чейин;
Президенттик администрациянын жана ЖК имаратынын жанында;
Панфилов паркында;
Таттыбүбү Турсунбаева атындагы скверде;
Жогорку соттун алдында;
Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында;
УКМК имаратынын жанында.
Ар кандай акцияларды Горький паркында өткөрүүгө уруксат берилет.
Президент Садыр Жапаров. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2024
Садыр Жапаров: эл үчүн иштеп жатсак эмнеге митингге чыгышыңар керек?
Жаңылыктар түрмөгү
0