Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 28 чакырымы макулдашылды

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРКыргыз-тажик чек арасынын дагы 28 чакырымы макулдашылды
Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 28 чакырымы макулдашылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2024
Жазылуу
Кийинкиде тараптар Тажикстандын аймагында жолугуп, калган участокторду такташары кошумчаланды.
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык делегациясы кыргыз-тажик чек арасынын 28,37 чакырымын макулдашты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КРСогласование кыргызско-таджикской государственной границы
Согласование кыргызско-таджикской государственной границы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2024
Билдирмеге караганда, эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу 24-марттан 29-мартка чейин Баткен облусунда болгон.
"Анда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 28,37 чакырымын макулдашты. Тараптар калган участоктордо эки өлкөнүн чек ара сызыгын андан ары аныктоодо олуттуу натыйжаларга жетишти", — деп жазылат маалыматта.
Кийинкиде тараптар Тажикстандын аймагында жолугуп, калган участокторду такташары кошумчаланды.
Ташиев менен Ятимов Баткенде жолугуп кыргыз-тажик чек арасын талкуулады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2024
Ташиев менен Ятимов Баткенде жолугуп кыргыз-тажик чек арасын талкуулады
Жаңылыктар түрмөгү
0