ЖМК: Франциянын атайын кызматы Олимпиаданы ачылышсыз эле баштоону сунуштоодо

© AP Photo / Aurelien Morissard2024-жылкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтө турган Париждеги Сена дарыясы
2024-жылкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтө турган Париждеги Сена дарыясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Франциянын ички коопсуздук боюнча башкы башкармалыгы Парижде болчу Олимпиада оюндарынын ачылыш салтанатын террордук кооптуулуктан улам өткөрбөөнү сунуштап жатат. Бул туурасында РИА Новости Europe1 радиостанциясына таянып билдирди.
Аталган башкармалыктын штаб-квартирасына ИИМ башчысы Жерар Дарманендин келишин күтүп жатканын кабарлашкан. Министр спорттук бул ири иш-чаранын ачылышында дүйнөлүк телекамералардын алдында болуп кетет деген кооптуулук кайсы жактарда жаралышы ыктымал деген сценарий менен таанышарын билдиришкен.
"Биз Б планына өтүшүбүз керек", — деген аталган ведомствонун маалымат булагы.
Ал спортчулардын Сенанын боюндагы парадын мурдагыдай сценарий менен өткөргөндө тобокелдик көп болорун белгилеген.
Жайкы Олимпиада оюндары Парижде 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.
Крокус Сити Холлдун концерттик залынын күйгөн имараты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2024
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Эксперт дүйнөдө дагы кандай ири терактылар болорун божомолдоду
Жаңылыктар түрмөгү
0