Мэрия: Бишкектеги автобустун эң мыкты айдоочусу 98 миң сом айлык алды

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектеги газ менен жүргөн автобустар. Архив
Бишкектеги газ менен жүргөн автобустар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2024
Жазылуу
Жакшы маяна алыш үчүн айдоочу графикти сактап, эрежелерди бузбашы керектигин айтышты.
БИШКЕК, 29-март. — Sputnik. Борбор калаанын вице-мэри Максатбек Сазыкулов Бишкектеги коомдук транспорттун айдоочуларын жол эрежелерин сактоого кандай жол менен үндөп жатышканын айтып берди.
© Sputnik / Асель СыдыковаБорбор калаанын вице-мэри Максатбек Сазыкулов
Заместитель мэра Бишкека Максатбек Сазыкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2024
Борбор калаанын вице-мэри Максатбек Сазыкулов
"Былтыркы жылдан тарта коомдук транспорттун айдоочуларынын айлыгы көбөйгөн, муну менен катар эле алардын ишине баа берүү системасы киргизилген. Февралда автобустун мыкты айдоочусу 98 миң сом, ал эми начары 22 миң сом маяна алды. Башында экөөнө тең жаңы автобус, эл көп маршруттар берилген", — деди Сазыкулов.
Жакшы айлык чыгышы үчүн айдоочу графикти сактап, эрежелерди бузбай, рулда баратканда телефон менен сүйлөшпөшү жана тамеки тартпашы керек.
"Талаптар менен эрежелерди бузгандар айыпка жыгылып, айлыгынан кесилет. Мисалы, 22 миң сом маяна алган айдоочу график менен жүргөн эмес, GPS системасын өчүрүп салган, белгиленгенден да катуу айдаган, башка кемчиликтери болгон", — деди вице-мэр.
Сазыкулов айдоочулардын айлыгы 26 миң сом экенин, коопсуздук талаптары менен тартипти сактаса сый акы сымал бонустар кошуларын түшүндүрдү.
Бишкектеги автобус. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2023
Бишкек: 212-автобусту айдаган аял 15 миң сом айыпка жыгылды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0