Стрельба в Крокус Сити Холле - Sputnik Кыргызстан, 1920
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
23-мартка караган түнү "Крокус сити холл" концерттик залында теракт болду. Белгисиз адамдар ок чыгарып, имаратта өрт башталган. ФСБ 40 адам каза таап, 100дөй киши жаракат алганын билдирди. Терак боюнча кылмыш иши козголду.

"Крокустагы" теракт: көз жумгандар 143кө жетти, 84 сөөктүн кимдики экени такталды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКрокус Сити Холлдун өрттөнгөн имаратынын көрүнүшү
Крокус Сити Холлдун өрттөнгөн имаратынын көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Крокус сити холлдо" жасалган терактыдан көз жумгандарды саны 143кө жеткенин билдирип, тизмесин жарыялады.
Анда 143 кишинин аты-жөнү жазылган. Россиянын Тергөө комитетинин маалыматына караганда, бүгүн 84 сөөктүн кимге тиешелүү экендиги аныкталган. Булардын ичинде курагы 9дан 16га чейинки беш бала бар экени маалым болду.
Баш-аягы 143 адамдын дайынсыз болуп жатканы тууралуу арыз түшкөн. 182 киши жаракат алган.
2024-жылдын 22-мартында кечке жуук "Крокус сити холлдун" концерттик залында теракт жасалган. Буга байланыштуу 11 адам кармалып, 8 киши камакка алынды. ФСБ билдирген маалыматка таянсак, террорчулар колдонгон куралдар мурда жашыруун жерде атайын сакталып турган.
Крокус Сити Холлдун концерттик залын жанында тез жардам кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2024
"Крокустагы" терактыдан кыргызстандык 2 кыз каза болгон. Жаңы тизме жарыяланды
Жаңылыктар түрмөгү
0