Бишкекке өлкөнүн биринчи адамдарын ташый турган жаңы учак алып келинди. Видео

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүAirbus 320. Архив
Airbus 320. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2024
Жазылуу
Ту-154 үлгүсүндөгү №1 борт эскилиги жетип, эксплуатациялык мөөнөтү аяктаган.
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстандын делегациясын ташый турган Airbus 320 үлгүсүндөгү учак "Манас" аэропортуна конду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Кубанычтуу жаңылык менен бөлүшүп жатам. Сатып алган жаңы самолет "Манас" аэропортуна конду. Бул Airbus 320 үлгүсүндөгү учак Кыргызстандын делегациясын ташыйт. Учурда аймактарда аэропорттор курулуп жатат, алды кызмат көрсөтүүгө даяр. Өткөн жылы 80 орундуу эки жана 9 орундуу бир самолет сатып алынган. Алар өлкө аймагында жүргүнчүлөрдү арзан каттам менен камсыздайт. Ушул жылы дагы бир учак алынмакчы", — деп жазган ал.

Эске салсак, Ту-154 үлгүсүндөгү №1 борт эскилиги жетип, эксплуатациялык мөөнөтү аяктаган. Буга байланыштуу өлкөнүн биринчи адамдары сыртка чыгарда чакан учакты пайдаланып келишкен.
Самолет Bombardier Dash 8 Q400. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2023
"Манас" аэропорту жакында дагы эки учак сатып алат
Жаңылыктар түрмөгү
0