Стрельба в Крокус Сити Холле - Sputnik Кыргызстан, 1920
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
23-мартка караган түнү "Крокус сити холл" концерттик залында теракт болду. Белгисиз адамдар ок чыгарып, имаратта өрт башталган. ФСБ 40 адам каза таап, 100дөй киши жаракат алганын билдирди. Терак боюнча кылмыш иши козголду.

"Крокуста" дагы бир кыргыз жигит элге жардам берген. Белектин видеосу

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүү"Крокус Сити Холлдогу" теракттын кесепети. Архив
Крокус Сити Холлдогу теракттын кесепети. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2024
Жазылуу
Белек Каныбеков 17 жашта, Россиянын жараны. Өзүнүн айтымында, ата-энеси менен 15 жылдан бери Москвада жашап, учурда колледждердин биринде билим алат.
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Подмосковьедеги Красногорск шаарындагы "Крокус сити холлдо" теракт учурунда элди имараттан сыртка чыгарууга дагы бир Белек Каныбеков аттуу кыргыз жигит жардам бергени такталды. Sputnik агенттигинин кабарчысы мекендеш менен баарлашып, окуя кандай болгонун сурады.
17 жаштагы Белек Каныбеков Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында төрөлгөн. Кийин ата-энеси Москвага көчүп, 15 жылдан бери ошол жакта жашап, учурда колледждердин биринде билим алат. Сабактан кийин "Крокус сити холлдо" гардеробдо иштечү. Ошол күнү нөөмөткө чыгып, окуянын күбөсү болгонун, элге кандай жардам бергенин айтып берди.

"Ок атуу саат 20:00гө чукул башталды. Гардероб биринчи кабаттын астында (-1-кабат) эле. Октун атылганы 1-этаждан угулду. Эл эмне кыларын билбей ар кайсы жакка чуркап, башаламандык башталды. Гардеробго чогулгандарга кызматтык эшикке баруусун айтып, бардыгын коштоп бардым. Баарын чыгаргандан кийин, гардеробдо киши калбай калганда гана өзүм чыктым", — деген ал.

Белек Каныбеков окуя болгон күнү ооруканага кайрылган эмес. "Крокус сити холлдун" жанындагы "Вегас" имаратында иштеген карындашын алып нес абалда үйүнө барган. Апасы Айгүл Шамшидинованын айтымында, уулу окуя болгон түнү уктай албай кыйналгандыктан дарыгерлерге эртеси алып барышкан.
"Медиктер баламдын катуу коркуп калганын, бир аз иске ууланганын айтышты. Окуянын эртеси кайрылгандыктан жабыркагандардын тизмесине кийин кошулду. Элди сыртка чыгарууга жардам бергенин үйгө келгенде айтып жаткан, этибар алган эмеспиз. Ооруканада жатканда Красногорск шаарынын башчысы келип ыраазычылыгын билдирип кетиптир. Азыр балам шаардык ооруканада. Башкысы, аман калганына сүйүндүк", — деди Белектин апасы.
Буга чейин аталган каргашалуу окуяда ажат ачып, элге жардам берген эки мекендештин аты аталган. Алардын бири 15 жаштагы Ислам Халилов, экинчиси Рустам Бактыбеков.
"Крокус сити холл" концерттик залында теракт 22-мартта кечинде болгон. Тергөө комитетинин маалыматына караганда, кол салуудан 139 адам каза болуп, 182 киши жабыркаган. Бул ишке шектелип сегиз адам камакка алынды.
Мамдума Крокуста Ислам баш болуп эрдик көрсөткөн өспүрүмдөрдү сыйлады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2024
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Мамдума "Крокуста" Ислам баш болуп эрдик көрсөткөн өспүрүмдөрдү сыйлады
Жаңылыктар түрмөгү
0