Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украинага бөлүнгөн акчаны АКШ ноябрда эле коротуп койгон

© AP Photo / J. Scott ApplewhiteУкраина жана АКШнын желектери. Архив
Украина жана АКШнын желектери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2024
Жазылуу
Гезиттин маалымат булагынын айтымында, акчаны "азыр алып колдонсо болот".
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. АКШнын Конгресси өткөн ишембиде Киевге деген 300 миллион долларлык финансылык жардамдын пакети өткөн жылы ноябрда өлкө өкмөтү шатдаунга кабылбашы үчүн жумшалып кеткен. Бул туурасында РИА Новости Politico гезитине таянып жазды.
Басылманын журналистине аталган кырдаал боюнча АКШ президенти Жозеф Байдендин администрациясынан атын атагысы келбеген аткаминер айтып берген.
"Украинанын коопсуздугуна көмөктөшүү демилгесинин алкагында бөлүнгөн акча Байден жекшембиде кол койгон 1,2 триллион суммасындагы өкмөттүк бюджеттин пакетине кирген. Чын-чынына келгенде акча Пентагон убактылуу финансылоону улантуу резолюциясын иштеп чыккан учурда, ноябрда эле түшкөн", — деп жазды басылма.
Гезиттин маалымат булагынын айтымында, акчаны "азыр алып колдонсо болот".
Басылма каражатты бөлүү чындыгында символикалуу мүнөздө эле болгонун, аны колдонсо деле согуш талаасында эч нерсе өзгөрүп кетмек эместигин белгилеген.
Өкүлдөр палатасынын спикери республикачы Майк Жонсон жана Сенаттагы демократтык көпчүлүктүн лидери Чак Шумер буга чейин 2024-жылга өкмөттүн ишин 1,66 триллион долларга каржылоону макулдашууга жетишкен. Бул процесс АКШда 2023-жылдан тарта эле башталган. Анткен менен Капитолийдеги конгрессчилердин шатдаун башталганга чейин комплекстүү бюджетти кабыл алып койгонго убактысы жеткен эмес. Андыктан мыйзамчыларга финансылык жылда үчүнчү деп эсептелген убактылуу резолюцияга кайра өтүүгө туура келген.
АКШда акчанын жоктугунан өкмөттүк мекемелердин ишинин токтоп калышын шатдаун деп аташкан. Мындай учурда мамлекеттик кызматкерлерге айлыксыз иштөөгө туура келип, калгандарын айласыздан улам эмгек өргүүгө жиберишет.
Артемовсктун жанындагы турган украиналык аскерлер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Алдыдагы айлар Украинанын тагдырын чечет. Боррелдин билдирүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0