Россия президентин шайлоо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2024
Россия президентин шайлоо
Федерация кеңеши (парламенттин төмөнкү палатасы) Россиядагы президенттик шайлоону 2024-жылдын 17-мартына дайындаган. Чечимдин кабыл алынышы шайлоо өнөктүгүн баштоого да жол ачат.

Дүйнөнү өзгөртө турган алты жыл. Батыштын акталбаган үмүтү

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүРоссия Федерациясындагы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы. Архив
Россия Федерациясындагы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2024
Жазылуу
Sputnik баяндамачысы РФ президенти аныктаган өлкөнүн багыты дүйнө жүзүнө экономика, энергетика жана логистика боюнча эле таасирин тийгизбестен, коопсуздуктун жаңы системасын калыптандырууда да чечүүчү роль ойнойт деген пикирде.
Батыш ушу тапта соңку тарыхтагы эң бир катаал кризисти башынан кечирүүдө, бул — Россияда болуп өткөн президенттик шайлоо. Владимир Путиндин ишенимдүү жеңиши Батыш цивилизациясы Россиянын өзүн жана элинин психологиясы менен мотивациясын дегеле түшүнө албай турганын, мунун тамыры абдан терең экенин дагы бир ирет көрсөттү. Шайлоого келген элдин саны менен учурдагы президентке көрсөтүлгөн бийик ишеним өткөөл мезгилде жалпы бакубаттуулук жана келечек муундун коопсуз жашоосу Россия элдеринин артыкчылыктуу багыты болуп келгенин жана боло берерин далилдеди. Ички пикир келишпестиктерге карабай жалпы кызыкчылык үчүн элдин бир муштум болуп бириге алышы Россияны дайым башка мамлекеттерден айырмалап, оор учурлардан жеңип чыгууга далай ирет жардам берген.
Батыштын саясатчылары менен ЖМКлары шайлоонун жыйынтыгына эле эмес, Россияга каршы күрөшүндө алгылыктуу натыйжага жетише албаганына да кыжыры кайнап турган чак. Алгач санкцияга кабылган экономика кыйрайт деп, кийинчерээк атайын операциянын созулушуна элдин нааразычылыгы күчөп, мындан улам шайлоодо азганактай киши добуш берет деп үмүттөнүшкөн эле. Бири да акталган жок, оюн ишке ашыра албаган Батыштагы саясий чөйрөнүн ичинде мамиле, маанай суук селки тартып баратат.
Россиядагы шайлоо өнөктүгү украин террордук топторунун жана алардын кол алдындагы адамдардын активдешүүсү менен коштолду. Белгород жана анын айланасындагы калктуу конуштар Украина Куралдуу күчтөрүнүн аткылоосуна дуушар болуп, жай тургундардын өлүмүн, кыйроону шарттады. Бирок бул тууралуу Батыш ЖМКлары ооз ачкан жок.
Анткен менен Батыш коомчулугунун жана анын карамагындагы эл аралык институттардын дал ушундай душмандашкан саясаты, Киев режиминин агрессиясы, ошондой эле башка региондордо (Түштүк Кавказ, Борбордук Азия) кырдаалдын чыңалышы азыркыдан да күчтүү, азыркыдан да эркин, жаңы Россиянын жаралышына шарт түзүп бери. Россиядагы ички өзгөрүүлөр өлкөнүн союздаштары менен өнөктөштөрүнө эле таасир тийгизбестен, глобалдуу масштабдагы процесстерди жаратат.

Евразиядагы ири арыштар

Владимир Путиндин жаңы саясий мөөнөтүнүн башталышы Евразиядагы долбоорлордун ишке ашырылышы менен тыгыз байланышта. Евразия дегенибиз менен мунун географиялык да, саясий да алкагы алда канча кеңири болору шексиз. Россия президенти 2015-жылы эле "Евразия континентиндеги кеңири интеграциялык контурун" түзүү боюнча так аракеттер камтылган Ири евразиялык өнөктөштүк тууралуу жар салган эле. Анда өнөктөштүккө таянуу менен Евразияны бирдиктүү "тынчтыктын, туруктуулуктун, өз ара ишенимдин жана өнүгүүнүн жалпы континенталдык мейкиндигине" айлантуу идеясы айтылганын эскерте кетейин. Өнөктөштүктүн борбордук звеносу болуп ЕАЭБ, ШКУ, АСЕАН биримдиктери, "Бир алкак — бир жол" долбоору эсептелмек.
Бул убакыт аралыгында Иран менен эркин соода аймагын түзүүнү макулдашкан ЕАЭБ кыйла күчтөнүп, өнөктөштөрдүн тизмеси узарды. ШКУ да жаңы мүчөлөр менен толукталып, АСЕАН менен алакасын жакшыртты. Негизи эле "Бир алкак — бир жол" долбоорунун ЕАЭБ менен жупташып, эриш-аркак иш жүргүзүүсү, ЕАЭБ, ШКУ, АСЕАН ортосундагы байланыштын бекемделиши — турукташып калган кызматташуу, көп жылдык эмгектин үзүрү. Мунун баары туң укуктуу жана өз ара пайдалуу экономикалык кызматташуунун өнүгүүсүн шарттаган адилеттүү дүйнө тартибинин бир бөлүгү болуп кала бермекчи.
Казанда боло турган БРИКС саммити глобалдуу экономикалык жана финансылык тармактагы кызматташуунун жаңы формаларын түптөөгө, анын ичинен акырындык менен улуттук валюталарда эсептешүүгө өтүп, альтернатива боло ала турган ар тараптуу төлөм системаларын түзүүгө басым жасайт. Бул Россиянын БРИКС мамлекеттери менен алдыдагы алты жылда жасай турган ишинин ажырагыс бөлүгү. Анын үстүнө 2024-жылы аталган уюм Египет, Иран, БАЭ, Сауд Арабиясы жага Эфиопия менен толукталды. Дагы бир катар мамлекеттер биримдиктин катарына кошулуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат, арыздар ушул Казань саммитинде берилиши мүмкүн.
Брюсселдеги Евросоюздун штаб-квартирасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2024
Евробиримдиктин Чыгышка бет алган себеби. Евразиядагы коопсуздуктун жаңы контуру

Жаңы дүйнөнүн транспорттук жана энергетикалык багыты

Азыркы транспорттук жана энергетикалык жолдор өзгөчө Евразия тууралуу сөз болгондо бардык экономикалык системанын өзөгү болуп саналары шексиз. Ушу тапта жаңы транспорттук жана энергетикалык артерияларды куруп, эскилерин модернизациялоо Россия менен Кытайсыз ишке ашпайт. Бүгүнкү күндө Кыргызстан — Өзбекстан — Түркмөнстан — Россия мультимодалдык транспорт коридору аркылуу Россия менен Борбордук Азияны байланыштыра турган жаңы жолдорду (Каспийдеги порттор аркылуу) курууга, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун келечегине жана бул долбоорлордун баарын Россияны, Түштүк Кавказ менен Борбордук Азия өлкөлөрүн Иран, Индия, керек болсо Африка континенти менен байланыштыруучу Түндүк — Түштүк коридорунун жалпы транспорттук артериясына кошууга көңүл бурулуп турат. Алсак, 2023-жылдын май айында Россия менен Иран аталган коридордун алкагында Решт-Астара темир жолун куруу боюнча макулдашууга кол коюшту. Долбоорду ишке ашырууга Москва 1,3 миллиард евролук мамлекеттер аралык насыя бөлдү. Ал эми курулуштун жалпы баасы 1,6 миллиард еврого бааланган.
Адистердин баасы боюнча, Түндүк — Түштүк коридоруна санкциялардын колу жетпейт, Суэц каналынан кеткен соода жолдоруна тикелей атаандаштык да жарата алат, мындай жагдай өз кезегинде жалпы жүк ташуунун багытын өзгөртүп кое алат. Кандай болгон күндө да аталган долбоорлор Борбордук Азия мамлекеттеринин Түштүк Кавказ, Жакынкы жана Орто Чыгыш, ошондой эле Түштүк Азия менен Азия-Тынч океан региону менен кызматташуусуна, экономикалык интеграциясына түз таасир этет.
Европа мамлекеттери менен байланышкан транспорттук жана энергетикалык долбоорлор актуалдуулугун жоготпосо да экинчи планга жылат өңдүү. Келечектин транспорттук жана энергетикалык артериялары Евразия, андагы туруктуулук жана коомдук-саясий процесстердин коопсуздугу менен тыгыз байланышта.

Коопсуздуктун жаңы системасы

Жаңы дүйнөнүн түзүлүшү кайсы жерде түптөлөт деген суроого жооп айкын — жаңы эрежелер Евразияда аныкталат. Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң бир драмалуу окуялардын бири — жамааттык Батыштын колу менен жасалып, Россияга бүтүндөй НАТО каршы турган согуш дал ушул Евразияда болуп жатат. Россия менен Батыштын мамилеси эми мурункудай болбойт. Украинадагы согуш качан бүтөрү белгисиз экенине карабай тынчтык сүйлөшүүлөр украин мамлекеттүүлүгү жедеп жок болгондо гана эмес, европалык коопсуздук системасы НАТО, ЕБ жана ЕККУ сыяктуу саясий институттары менен кошо биротоло деградацияланган шартта жүрөрү бышык болуп калды.
Өз мезгилинде Европа, жалпы Батыш Россияны европалык коопсуздук системасына кошпой, жалпы кызыкчылыкты коргойт деген жаңы система түзүүдөн баш тарткан эле. Жакында Европа өзү Россия кызыкдар мамлекеттер менен түзүүгө даяр болгон евразиялык коопсуздук системасына кошулуу үчүн тил табышууга аргасыз болчудай. Владимир Путин Федералдык жыйынга кайрылып жатып ар кыл өлкө жана бирикмелер менен өз ара аракеттенишүүнүн негизинде "Евразиядагы тең укуктуу жана бөлүнгүс коопсуздуктун" жаңы контурун түзүү жаатында иштешүүгө даярдыгын билдирди. ЖККУнун аскерий мүмкүнчүлүгүнө, ШКУнун коопсуздук маселелерин чечүүчү жөндөмүнө таянган евразиялык мейкиндиктеги азыркы коопсуздук системасы Евразия алкагында жаңы уюм түзүү үчүн үлгү болуп бере алат. Буга эгер кызыгуусу болсо Европанын өз алдынчалуу мамлекеттери да кошула алат.
Кийинки алты жыл Россиянын өзү үчүн да, анын союздаштары үчүн да чоң мааниге ээ болору шексиз. Евразиядагы соода, экономика, транспорт жана энергетика, саясий диалог, маданий алмашуулар жаатындагы масштабдуу долбоорлор жана өзгөрүүлөр акыркы он жылдыктагы эң күчтүүлөрүнөн болуп калат. Бул мезгил жалпы дүйнө үчүн олуттуу мааниге ээ болот, анткени эл аралык экономика, соода жана финансы, аскердик-саясий диалог боюнча жаңы эрежелерге келгенде глобалдуу масштабдагы коопсуздук менен туруктуулук үчүн Россиянын позициясы чечүүчү роль ойнойт.
Владимир Путиндин Федералдык жыйынга жолдогон кайрылуусу  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2024
Жаңы дүйнөлүк тартипке карай кадам. Путиндин кайрылуусунун өзөгү эмнеде
Жаңылыктар түрмөгү
0