АКШдагы Балтимор шаарында көпүрө урап, 20дай киши сууда калды. Видео

© AP Photo / Steve RuarkАКШдагы Балтимор шаарында көпүрө урап калды
АКШдагы Балтимор шаарында көпүрө урап калды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2024
Жазылуу
Көпүрөнүн түркүгүн кеме сүзүп алган.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. АКШдагы Балтимор шаарында автоунаа каттаган көпүрө урап, 20дай киши сууга кулаганын РИА Новости CNN телеканалына таянып кабарлады.
Маалым болгондой, көпүрөнүн түркүгүн кеме сүзүп алган. Видеодон көпүрөнүн урап жатканын көрүүгө болот. Балтимор шаарынын бийлиги бул кырсыктан көп адам жабыркаганын айткан.
Жергиликтүү өрт өчүрүү бөлүмүнүн өкүлү Кевин Картрайт учурда бир нече ведомствонун катышуусунда жабыркагандар аныкталып жатканын белгилеген.
"Тилекке каршы, бизге жеткен маалымат боюнча, Патапско дарыясында 20дай адам жана бир нече автоунаа болушу ыктымал", — деген ал.
Жол кырсыгына кабылган автоунаа. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2024
АКШда эки кыргызстандык жол кырсыктан көз жумду
Жаңылыктар түрмөгү
0