Сот Адахан Мадумаровго өкүм чыгарып, эки иш боюнча күнөөлүү деп тапты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2024
Жазылуу
Эгер тараптар жогорку инстанцияга даттанбаса парламентарий 30 күндүн ичинде эркиндикке чыгат.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго өкүм чыгарды. Бул туурасында аталган соттун маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, эл өкүлү күнөөлүү деп табылып, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жазадан бошотулду.
Бирок соттун өкүмү күчүнө киргенден кийин абактан чыгарылат. Эгер экинчи тарап жогорку инстанцияга даттанбаса, өкүм 30 күндүн ичинде күчүнө кирет.
Сот Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин 209 ("Алдамчылык") жана 338инчи ("Бийликтен аша чабуу") беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан.
Мадумаров былтыр сентябрда кармалган. Эл өкүлү анда мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган болчу. Анткен менен чоо-жайы ачыкталбай келет. Бирок депутаттын өзүнүн айтымында, анын кармалышы кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу Төрт-Көчө тилкесине байланыштуу. 2009-жылы Мадумаров Коопсуздук кеңештин катчысы болуп турганда Кыргызстан аталган жерди тажик тараптан 49 жылга ижарага алуусу каралган протоколго кол койгону айтылып келет. Кыргызстан бул документти тааныган эмес.
Мадина базарынын негиздөөчүсү Турсунтай Салимов. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2024
15 млн. доллар төлөдү. Турсунтай Салимов камактан бошотулду
Жаңылыктар түрмөгү
0